ИШТИКТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ишмер, иштин жайын жакшы билген, ишке жөндөмдүү. Карымшаков маданияттуу, иштиктүү, эл менен сүйлөшкөндү жакшы билген азамат («Ала-Тоо»). 2. Иштин кызыкчылыгы үчүн багытталган, иштин үлүшүнө, чечилишине пайдасы бар, таасирлүү. Бригадир да бир кыйла иштиктүү сөздөрдү айтты (Убукеев).